• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Экономика министрлиги оюн-зоок иштерине салыктын ставкасын төмөндөтүүнү сунуштоодо

Экономика 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда оюн-зоок иштерине карата салыктын ставкасын төмөндөтүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлер кабинетинин "Оюн-зоок иштерине салыктын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомунун долбоору Салык кодексинин 453-беренесин ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандагы кумар оюндарынын субъекттеринин ишмердүүлүгүнө жагымдуу шарттарды түзүү жана өлкөгө кошумча инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыккан.

Казинодогу 1 оюн столу үчүн 2022-жылы — 750 миң сом, 2023-жылы — 1 миллион сом, 2024-жылдан тарта — 1,25 миллион сом.

1 оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2022-жылы — 50 миң сом, 2023-жылы 75 миң сом, 2024-жылдан тарта — 100 миң сом.

Министрлер кабинети тарабынан демилгеленип жаткан токтомдо казинонун 1 оюн столу үчүн ставканы 1,6 эсеге кыскартуу сунушталган (2022-жылы — 450 миң сом, 2023-жылы — 600 миң сом, 2024-жылдан тарта — 750 миң сом). Ал эми оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн 5 эсеге кыскартуу сунушталууда (2022-жылы — 10 миң сом, 2023-жылы 15 миң сом, 2024-жылдан тарта — 20 миң сом).

Эске сала кетсек, Кыргызстанда казино 10 жыл өткөндөн кийин кайрадан мыйзамдаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий