Куткаруучулар Аламүдүн коктусунда жоголуп кеткен жаранды издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн коктусунда 27 жаштагы М.М.уулу аттуу эркек киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоголгон жаранды издөөгө жалпы 24 куткаруучу тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча, изделип жаткан жаран 14-январдан бери дайынсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий