• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткен электр тармактар ишканасында кызматкерлерге атайын окутуулар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. 8-январдан тартып "Баткен электр тармактар" ишканасында кызматкерлерге атайын окуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пландык окутуу жетектөөчү адис Калмурат Мамат уулу тарабынан "коопсуздук эрежелерине" ылайык, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана техникалык коопсуздук боюнча өткөрүүдө.

Анын маалыматына ылайык, ар бир өндүрүштүк персонал электр тогуна урунган адамды бошотуу ыкмалары, ошондой эле биринчи жардам көрсөтүү боюнча тажрыйбалык окуудан өтүүгө милдеттүү.

Бул кадам кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга гана эмес, алардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгына оперативдүү көзөмөлдү камсыздоого багытталган.

"Биз үчүн ар бир кызматкердин өмүрү бизге абдан маанилүү. Кээде адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн тез жардам көрсөтүү, медициналык кызматкерлер келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүү менен адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн, мындан сырткары мындай окутууларды өткөрүп туруу, биздин кызматкерлердин билим деңгеелин дагы да жогорулатат", - деп белгиледи Калмурат Мамат уулу.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар бекитилген графиктин негизинде жыл сайын өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий