Куткаруучулар Бишкек-Ош жолунда тыгылып жана оодарылып калган унааларды чыгарды

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Куткаруучулар Бишкек-Ош жолунда тыгылып калган унааларды чыгарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-март күнү саат 17:40та Бишкек-Ош унаа жолунун 125-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы тыгылып калган.

Ошондой эле 14-март күнү саат 14:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) “Scania” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдун ортосунда туруп калган жана “Toyota Camry” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, унааларды жол четине чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий