Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен жигитти издөөдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Правда айылында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына 1998-жылы туулган Э.А. аттуу эркек бала чөгүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 8 куткаруучу тартылган.
Пикир
Оставить комментарий