Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Ала-Арча капчыгайында россиялык жаран тоодон келе жатып бутун кокустатып түшө албай калган.
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, жерине төрт куткаруучу тартылган.
"Куткаруучулар Россиянын 1973-жылы туулган И.В. аттуу жаранын тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий