• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Куттуктайбыз! Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарында коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Париждеги жайкы XXXIII Олимпиада оюндарында балбан Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсеннежад менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишти илип кетти.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3 эсебинде утуп, чейрек финалда румыниялык Арнаут Разванды 9:0 эсебинде жеңген болчу.

Бирок жарым финалда япониялык Кеничиро Фумита менен болгон таймашта 4:3 эсебинде утулуп, финалга чыга албай калган.

25 жаштагы кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Азия оюндарынын алтын медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын үч жолку чемпиону. Токиодогу Олимпиада оюндарында 7-орунду ээлеген.

Жоламан Шаршенбековдун медалы Кыргызстандын курама командасы үчүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарындагы биринчи жана өлкө тарыхында сегизинчи болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий