• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын “Алтын-Барс” ачык чемпионаты өтөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чемпионат үстүбүздөгү жылдын 17нен 20-июнга чейинки аралыкта өткөрүлмөкчү.

Мелдешке бардык курактагы жана салмак категорияларындагы 400 спортчу катышат. Пандемиянын шарттарына байланыштуу аралыкты сактоо үчүн спортчулар топторго бөлүнүшөт.

Спорттук иш-чара үчүнчү жолу өтүп жатат. Демилгечилер - пауэрлифтинг боюнча Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын көп жолку жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Дмитрий Дороженко жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы.

Мелдеш Борбор Азиядагы күчтүү спортчуларды, шаардын жана республиканын курама командаларын аныктоо, ошондой эле балдардын жана жаштардын арасында сергек жашоону жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө медалдар, сертификаттар жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий