• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Месарош көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 19-июндан баштап Месарош көчөсүнүн Ден-Сяопин проспектисинен Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы билдирет.

Оңдолуучу бөлүктүн узундугу 600 метрди түзөт. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 11,5 метрди түзүп, сугат арыктары орнотулуп, 1,5 - 2,25 метрлик тротуар төшөлөт.


Оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Чеч-Төбө жана Селсовет көчөлөрүн альтернативалык каттам катары кароого болот. Месарош көчөсү Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен оңдолуп жатат.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында, Бишкек шаарында узундугу 70,87 км болгон 60 көчөнү реконструкциялоо, 630,000 чарчы метр жолдун катмарын жаңылоо, болжол менен 130 километр тротуарларды куруу, 46 миң ирригациялык лотокторду алмаштыруу каралган. 2021-жылга 44 көчөнү, 2022-жылга 16 көчөнү куруу иштери пландаштырылган.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларына суранат.

Пикир

Оставить комментарий