• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Конор Макгрегор Серронеге каршы беттештен 80 миллион доллар табарын билдирди

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. UFC уюмунун эки салмак ченинде мурунку чемпиону Конор Макгрегор атаандашы Дональд Серроне менен боло турчу беттештен канча акча табарын билдирди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Эки мушкердин беттеши 18-январда UFC 246 мелдешинин алкагында өтөт.

"Биздин келишимибизге ыраазымын. Буга чейин айткандай, бул беттеш өзгөчөлөнүп турат. Мага төлөнчү маяна жогору болооруна ишенем. Азырынча 80 миллион доллар деп баалап жатам", - дейт Макгрегор.

Эскерте кетсек, Макгрегор 2018-жылда россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго жеңилгенден бери октаганго чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий