• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык сегиз балбан Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык сегиз балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.

Дүйнөлүк олимпиадалык квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда башталат. Анда Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Мелдеште ар бир салмак боюнча үч балбанга лицензия берилет.

Кыргызстандын атынан бул турнирге 8 спортчу катышат:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:

- Сезим Жуманазарова – 57 кг.

Грек-рим күрөшү боюнча:

- Азат Салидинов - 87 кг;
- Үзүр Жусупбеков - 97 кг;
- Роман Ким - 130 кг.

Эркин күрөш боюнча:

- Орозобек Токтомамбетов - 74 кг;
- Атай Изабеков -86 кг;
- Андрей Аронов - 97 кг;
- Айаал Лазарев - 125 кг.

Эл аралык турнирде грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге биринчилерден болуп чыгышмакчы.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Пикир

Оставить комментарий