• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто теннис боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр

Спорт 0

Бишкек, 06.05.24. / Кабар/. Ош шаарында чоң теннис боюнча ири OSH OPEN 2024 мелдеши өттү. Бул тууралуу КР Теннис федерациясынын билдиришти.

Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан 14 жашка чейинки өспүрумдөр катышты.

Турнир Кыргызстандын теннис федерациясы жана Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте уюштурулду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча, уландар арасындагы жуптук беттеште 6:1 эсебинде Бексултан Бауржанов менен Александр Софрыгин (Казакстан), 7:5 эсебинде Иван Бондаренко менен Ислам Дуйшенгазин (Казакстан) жеңүүчү болушту.

Ошондой эле Бексултан Бауржанов уландар арасындагы жекелик беттешти утту. Казакстандык финалда 6:1 эсебинде Александр Софрыгинди жеңди.

Кыргызстандык теннисчи Ридван Лоянов коло үчүн күч сынашып, бирок өзбекстандык спортчуга жеңилип калды.

Ал эми кыздар арасындагы беттеште 1-орунду кыргызстандык теннисчи Саара Мызаева камсыздады. Финалда ал мекендеши Анель Богданованы утту. Үчүнчү орунду Өзбекстандан келген M.Акрамова ээледи.

Кыздар арасындагы жуптук бештешти Мадлен менен Мария Фаерфастар (Казакстан) жеңди.

Соңунда жеңүүчүлөргө медалдар жана белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий