• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лейлек районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Лейлек районунун Сары-Дөбө айылында 150 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мектептин ачылуу аземине президент Садыр Жапаров онлайн режиминде, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жеринде катышты.

"Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда, андыктан ар бир курулган мектеп агартуу максатын көздөйт", - деди өлкө башчысы онлайн режиминде катышып жатып.

Мектептин ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев татыктуу билим берүү үчүн жетиштүү шарттын болуусу зарыл экенин белгиледи.

"Буюрса мындай шарттар биздин эң алыскы айылдарыбызда да түзүлүүдө. Мунун баары биздин жаркын келечек үчүн. Анткени максаттуу инвестиция – бул балдардын келечегине салынган инвестиция экени талашсыз. Бүгүн биз балдарга жетиштүү билим берсек, анын сөзсүз кайтарымы болот. Анткени адам ресурсу ар бир өлкөнүн негизги байлыгы. Билимдүү жаштар өлкөнүн экономикасын көтөрөт, өлкөнү өнүктүрөт", - деп белгиледи ал.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, 150 орунга ылайыкташкан мектеп бир жыл ичинде курулуп бүтүп, учурда 216 окуучу билим алууда.

Белгилей кетсек, өткөн жылы КР президентинин тапшырмасы менен өлкөдө 100 мектептин курулушу жүргөн. Анын ичинде 21 мектеп Баткен облусунда ачылган. Бул көрсөткүч өлкө эгемендүүлүк алгандан бери эң жогорку көрсөткүч болду. Ал эми акыркы үч жылда облус аймагында 45 мектеп, 12 бала бакча ачылган. 2024-жылы облуста 54 обьекттин курулушу каралган болсо анын 12си мектеп.

Пикир

Оставить комментарий