ЖКга шайлоо. Талас шаарында милиция кызматкерлерине саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында алдыдагы парламенттик шайлоого карата саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас ОИИБнин борборбук аппараты, Талас районунун жана шаарынын ИИБдин, Талас шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери кызматтык унаалары менен саптык кароодон өтүштү.

Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү.

Иш-чаранын башында Марлис Асанов милиция кызмакткерлерин бир катар талаптар жана аткара турган иштери менен тааныштырып, тапшырмаларды койду. Ал маанилүү иш-чарада милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу керектигин айтты.

"Милиция кызматкерлери жарандарга жана айдоочуларга эң жогорку деңгээлдеги сылык мамиле кылуу жана аларга түшүндүрүү иштери сапаттуу болуусуна көңүл бурулуусу зарыл", - деген ал жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берип, кызматтык унаалар каралып, кемчиликтерди жоюу боюнча талаптарды койду.

Ушундай эле саптык кароо Кара-Буура РИИБдин начальниги Майрамбек Калманбетов тарабынан жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий