• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ала-Бука райондук бюджетинде 126 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Ала-Бука районунун жергиликтүү бюджетине аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 126 млн 343,1 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бузуулардын классификатору боюнча бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 780 миң сом;

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 255,6миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (Салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 1850,4 миң сом;
  • бюджеттик сметада көргөзүлбөгөн чыгымдар – 19,0 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 47563,0 миң сом;
  • капиталдык салымдарды сарптоодогу жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар – 20808,3 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 40,0 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгашалары – 49,1 миң сом;
  • негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 37581,8миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы – 592,5 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 5210,0 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузууларга кирбеген бузуулар (муниципалдык жерлерди менчикке жана ижарага негизсиз берүү) – 10206,6 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарын бузуу менен отчет берүү – 22,0 миң сом;
  • эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 364,8 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 1000,0 миң сом.

Мындан тышкары, 52 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берүү, бак-дарак категориясындагы жерледи мөөнөтсүз 49 жылга ижара акысыз пайдаланууга берүү, жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган курулуш иштериндеги каржылык мыйзам бузуулар, негизсиз чыгымдар жана башкалар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад областтык прокуратурасына жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий