• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте борбордук жылуулук тармагынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бишкекте "Электр станциялары" ААК филиалы – "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Ал президенттин жана министрлер кабинетинин атынан ишкананын кызматкерлерин маанилүү майрамы менен куттуктады.

""Бишкек жылуулук тармагы" шаардын экономикалык жана социалдык өнүгүшү үчүн чечүүчү орунда турган маанилүү өнөр жай ишканасы болуп саналат", - деп билдирди Төрөбаев.

Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп, анда борбор калаанын жылуулук тармагынын мыкты кызматкерлерине ыраазычылык катары эстелик белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий