• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышы көзөмөлдөнөт

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ведомстволор аралык мониторинг жүргүзүүчү жумушчу топ жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларын аткарылышын көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “КРда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгын аткаруу үчүн үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин Ведомстволор аралык мониторинг жүргүзүүчү жумушчу тобунун биринчи отуруму болуп өттү.

Отурумдун негизги максаты “Жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо алгоритмдин” жана “2022-жылга ведомстволор аралык мониторинг жүргүзүүчү жумушчу топтун иш-мерчемин” талкуулоо жана бекитүү болуп саналат.

Иш-чарага КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңештин (АДК), ошондой эле ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын модератору катары ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов болуп, ал кеңешменин катышуучуларына күн тартибиндеги каралып жаткан маселелердин актуалдуулугун жана бүгүнкү отурум 3-март Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракесине туш келгендигин белгилеп, мындай жамааттык иш жолдордо адамдардын өлүмүнө жол бербөөгө гана жардам бербестен, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.

Ал эми АДКнын башкы катчысы Нурипа Муканова өз сөзүндө жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга, жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга багытталган бир катар уюштуруу жана алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын белгиленди.

Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө ИИМ башчысынын кеңешчиси Абдумалик Мамыров баяндама жасап, министр Улан Ниязбеков тарабынан белгиленген аймактык жана жергиликтүү деңгээлде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу ишин жандандырууга багытталган бир катар тапшырмаларды, ошондой эле алдын алуунун артыкчылыктуу чаралары көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Жол кыймылынын ылдамдыгынын белгиленген чектеринен ашып кетүү жана өтүп кетүү эрежелерин бузуу, мас абалында транспортту башкаруу, коопсуздук курларын жана мото-шлемдерди колдонууну көзөмөлүн күчөтүү, жөө жүргүнчүлөрдүн, баарынан мурда балдардын жана карылардын, ошондой эле коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу сыяктуу чаралар кабыл алуу иш-аракететри тууралуу маалымдады.

Жумушчу топтун катышуучулары тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү жакшыртуу, жол кыймылын уюштуруунун заманбап ыкмаларын киргизүү, транспорт жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын уюштуруунун комплекстүү долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти чыңдоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча иш-аракеттердин конкреттүү планы иштелип чыкты.

Бул кеңешмени жыйынтыктап жатып, жумушчу топтун бардык мүчөлөрү бир добуштан жогоруда аталган иш-мерчемдерин бекитүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий