• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери 1,4 миң өрт катталган

Коом 0

Бишкек, 26.06.19 /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстандын аймагында катталган өрттүн саны кыскарган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Ал маалымдагандай, 2019-жылдын башынан бери өлкө боюнча 1 миң 403 өрт катталган, былтыр ушул эле мезгилде 1 миң 646 учур катталган болчу.

"Быйыл тилсиз жоодон 29 адамды куткарып калдык, 25 адам каза болду", - деп кошумчалады ал.

Ахматов 2017-2018-жылдары көп өрт катталгандыгын эске салып, анын арасында ири өрттөр да болгондугун билдирди.

"Эсиңиздерде болсо, мурда соода борборлорунда жана соода түйүндөрүндө өрт катталган. Быйыл андай учур катталган жок. Биз Мамэкотехинспекция менен биргеликте базарлардагы өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий