• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

МСК: Бирдиктүү салык декларациясынын формалары мыйзамдарга ылайык келтирилди

Экономика 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Кыргыз өкмөтүнүн токтомдору менен Бирдиктүү салык декларациясынын формалары, аларды толтуруунун жана берүүнүн тартиби мурда кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнгөн стипендиялар киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат. Мурда Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендияларга гана киреше салыгы салынган эмес.

Мындан тышкары, багуусунда үч адамга чейин болгон салык төлөөчүлөр үчүн билим алууга социалдык эсептен чыгаруулар билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн - 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет. Мурда социалдык эсептен чыгаруулардын өлчөмү багуудагы адамдардын санына карабастан 10 пайыздан ашпаган өлчөмдү түзүп келген.

Пикир

Оставить комментарий