• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери сууга чөккөндөрдүн саны кескин өстү – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Быйыл сууга чөккөндөрдүн саны кескин өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, сууга түшүү мезгили башталганга чейин эле сууга чөккөндөрдүн саны көбөйгөн.

"Мисалы, былтыр ушул эле мезгилде сууга чөккөндөрдүн саны 37 адам болсо, быйыл 51ге жетти. Башкы себеп - көрсөтүлбөгөн жерде сууга түшүү. Тоолуу аймакта сууга чөккөндөрдүн саны көп", - деп билдирди ал

Ахматов кошумчалагандай, Ысык-Көлдө эки адам сууга чөгүп кеткен. Бирөө мас болсо, экинчи бала этиятсыздыктан сууга чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий