Кувейт Кыргызстан менен билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин тарбия, жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри доктор Хамад Абдулвахаб Аль-Адвани менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу максатында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи А.Карагулов доктор Х.Аль-Адванини министр кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Ошондой эле элчи эки өлкөнүн мекемелер жана университеттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча мындан аркы иштер, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кувейтке боло турган расмий сапарынын алкагында кол коюу үчүн эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо маселелери тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде, министр доктор Хамад Аль-Адвани билим берүү тармагында ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастап, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана илимий алмашууга кувейт тараптын эшиги ар дайым ачык экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Эль-Кувейт шаарында өтө турган Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын үчүнчү жыйынына жигердүү катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий