Кыямдын маалында кумшекердин баасы 10%га жогорулайт – серепчи

Экономика 0

Бишкек, 06.06.24. / Кабар/. Кыямдын маалында кумшекердин баасы 10%га жогорулайт. Бул тууралуу “Кошой” кант заводунун директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды Кант” ААКысынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта базарда Россиянын кумшекери 70-71 сом, Кыргызстандыкы 72,20 сомду түзүүдө. Кумшекердин баасына карата божомолдор боюнча баасы бир аз өсүшү мүмкүн.

"Кыямдын маалында кумшекерге болгон баа 10%га жогорулайт. Бул жогорку чеги. Эгер бул азык-түлүктүн баасы кескин түрдө кымбаттап кетсе, Антимонополия жөнгө салуу чараларын көрөт. Биз дүрбөлөң болбойт деп үмүттөнүп жатабыз", - деди ал.

Алтыбаев белгилегендей, учурда өлкөдө кумшекердин кору керектөөнү жабууга жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий