• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Абышев БУУнун мыйзамсыз курал соодасын алдын алуу боюнча конференциясында сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Штаб-квартирасында Кыргызстан жана ЕККУ тарабынан жеңил курал-жарактар жана кадимки ок-дарылардын кору жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу стратегияларды жана демилгелерди иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан биргелешкен аракеттерди белгиледи.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары – делегациянын башчысы Кылычбек Абышев өз сөзүндө Кыргызстан жана ЕККУ тарабынан ЖКЖ жана КОК көйгөйлөрүн чечүү боюнча натыйжалуу стратегияларды жана демилгелерди иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан биргелешкен аракеттерин белгиледи.

Ал тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ийгиликтерге жетишүүдө жана бекем практикалык негизди түзүүдө маанилүү роль ойногон ЕККУга жана башка эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле кыргыз делегациясы БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-картирасында өтүп жаткан БУУнун ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды (ОКЖК) мыйзамсыз сатылуусун алдын алуу жана жоюу боюнча БУУнун Төртүнчү серептик конференциясынын алкагында параллелдүү түрдө өтүп жаткан "Жеңил курал-жарактар жана кадимки ок-дарылардын кору (ЖКЖ жана КОК) жаатында көмөк көрсөтүү боюнча ЕККУнун модели. Керектөөлөрдү комплекстүү чечимдер менен салыштыруу: Кыргыз Республикасынын мисалында" аттуу экинчи иш-чарага катышты.

Пикир

Оставить комментарий