• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кылымдан кийинки жаңы дем. Эгемендик тарыхта биринчи жолу курулган темир жол

Аналитика 0

Быйыл Кыргыз темир жолунун түзүлгөнүнө туура 100 жыл толот. 1924-жылы 8-августта азыркы Бишкек-1 бекетине алгачкы поезд каттамы келген болсо, учурда кылым курулушу аталган долбоорлор ишке ашканы турат. Бир кылым аралыгында Кыргызстандын темир жол тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп, бүгүнкү күндө “Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору, Балыкчы – Кочкор –Кара-Кече темир жолунун курулушу сыяктуу стратегиялык чоң маанидеги иштер жүрүүдө.

1924-жылы курулушу аяктап, бир бутактан тараган «Кыргыз темир жолу» ишканасынын карамагындагы учурдагы 424,6 чакырым темир жол республиканын транспорт системасында негизги ролду ойнойт. Узундугу 323,4 чакырым болгон темир жолдун түндүк бөлүгү Балыкчы шаарын Казакстандагы Түрксиб темир жолу менен байланыштырып, Россия жана шериктештиктин башка өлкөлөрүнө жүк таашуудагы маанилүү транзиттик коридор болуп саналат. Ал эми узундугу 101,2 чакырымды түзгөн түштүк аймактагы тилке Кыргызстандан Өзбекстандын темир жол тармагына чыгууну камсыз кылат.

“Биз Советтер Союзунан 424,6 чакырым темир жолду мурастап калдык. Эгемендик жылдарында мамлекет тарабынан 1 метр дагы темир жолу курулган эмес. Мамлекетибиз үчүн темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын түшүнүү менен 2022-жылдан баштап биз Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн зор стратегиялык мааниге ээ амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик”, - деп билдирди президент Садыр Жапаров Кыргыз темир жолунун 100 жылдыгына арналган куттуктоо сөзүндө.

Жыл сайын “Кыргыз темир жолу” 300 миңден ашык жүргүнчүнү, ошондой эле дүйнөнүн 35тен ашык өлкөсүнө жүктөрдү ташыйт. Жүк ташуу тармагындагы жетишкендик болуп, Кытайдан Европа өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берген 3 мультимодалдык коридордун ачылышы саналат. Жүргүнчүлөрдү ташуу багытында президенттин тиешелүү жарлыгы менен 2022-жылдан баштап “Бишкек – Балыкчы” каттамында жакшыртылган “VIP” жана “Lux” категориясындагы вагондор пайдаланууга берилди. Бул вагондордун ишке киргизилиши жүргүнчүлөрдү ташуудагы жылдык кирешени 2 эсеге көбөйттү. Мамлекет башчысы 28-июнда Бишкек-2 темир жол бекетин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда ишкананын жетекчилигине жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча сын-пикирлерди эске алуу жана аларды жоюу тапшырмасын берди.

“Кыргыз темир жолу өлкөнүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес. Бул биздин транспорт жаатындагы жетишкендигибиз, улуттук кенчибиз”,- деп белгиледи президент Кыргыз темир жолунун 100 жылдык мааракесине сүйлөгөн сөзүндө. Анын сыңарындай, улуттук кенчибизди заман талабына жараша өнүктүрүү, чакырымдарын узартуу менен темир жол тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү бүгүнкү күндүн талабы.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу темир жолдун курулушу башталып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын март айында “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” долбоорун биринчи этабы болгон “Балыкчы – Кочкор” темир жол тилкесин куруу иштерине старт берди.

Аталган “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” долбоор Кыргызстандын инфраструктурасын гана бекемдебестен, Макмал аймагындагы жүктөөчү бекет аркылуу “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору менен байланышып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүдө негизги ролду ойнойт. Жолдордун бирдиктүү тармагы жүк ташуулардын каттамдарын кыскартууга мүмкүндүк берип, коңшу мамлекеттердин 100дөгөн чакырым темир жолдорунда жүктөрдү ташуу зарылдыгын жокко чыгарып, Борбордук Азия регионунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Жүк ээлеринин чыгымдарын, жеткирүү мөөнөттөрүн олуттуу кыскартууга жана мунай жүктөрүн ташуудан Кыргыз темир жолунун кирешелүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Учурда 186 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече"темир жолунун 38 чакырымга чейинки жол полотносу, суу өткөрүүчү түтүктөрү курулуп, жыл соңуна чейин 40 чакырым темир жолду бүткөрүү мерчемделүүдө.

“Негизи дүйнө жүзүндөгү жүктү таашуунун эң арзан жолу деңиз аркылуу, андан кийин экинчи темир жол, үчүнчүсү унаа жолдору, төртүнчү эң кымбат жол аба жолдору болуп саналгандыктан, темир жолду колдонууда Кыргызстан үчүн жакшы шарт түзүлөт. Кыргызстандын деңизге чыга турган жолу жок, негизи ааламдашуу процессиндеги ири товарлардын жүрүшүнө эч бир жагынан кошула албаганыбыз өкүнүчтүү болчу, туңгуюкка кирип калган мамлекеттей болуп келдик. Эгерде бүгүнкү күндө пландалган долбоорлорду ишке ашырып, темир жолдор курулса Европа жана Чыгыш мамлекеттерин көздөй эки тарапта жүрө турган мүмкүнчүлүк түзүлөт. Темир жол куруу боюнча сунуштар 30 жылдын тегерегинде Кытай, Өзбекстан өлкөлөрүнө сунушталып келгени менен ишке ашпай келген. Бийликке жаңы жетекчилер келип, алардын темир жол боюнча көз караштары жакшы болгондуктан чоң долбоор катары 2-3 жылдын ичинде көтөрүлө башташы жакшы көрүнүш”- деди экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров.

30 жылга жакын убакыттан бери ишке ашпай келген Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган. Президент өз кайрылуусунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тарыхый окуя деп атап, “темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, Европа өлкөлөрүнө жана Перс булуңуна жаңы транспорт жолдорун ачат” деп белгиледи. “Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн экономикасын, транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзмөкчү.

2024-жылдын июнь айында Алматы шаарында өткөн Евразия өнүктүрүү банкынын бизнес-форумунда да континенттин жаңы транспорттук алкагын өнүктүрүү маселеси көтөрүлгөн. “Темир жол Кыргызстан үчүн маанилүү, бирок мындан тышкары Евразиянын ири транспорттук системаларын эң кыска аралыкта бириктирүүдө маанилүү звено болуп кала берет. "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан чек ара коридорун куруу Кыргызстан үчүн жеңилдиктер жүк транзитинин көлөмүн көбөйтүүдө, ошондой эле өлкөнүн аймактарынын өз ара байланышын жогорулатууда пайдалуу болмокчу. Өзбекстан Кытай менен соода кылуунун эң кыска жолун түзүүгө жана контейнердик ташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар”, - деп белгилеген Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын орун басары Евгений Винокуров.

Министрлер кабинетинин 13-июндагы отурумунда белгилүү болгондой, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун быйыл август айында баштоо пландалууда. Алгачкы поезд каттамы курулгандан туура 100 жылдан кийинки бул ири долбоордун курулушунун башталышын тарыхый окуя катары баалоого болот. Ошентип бир кылымдык тарыхы бар кыргыз темир жол тармагы өнүгүүнүн бардык этаптарын басып өтүп, өлкөнүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорт болуп калбастан, бүгүнкү күндө ири долбоорлорду ишке ашыруунун алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий