• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

"Кымыз Фест-2024" фестивалында коомдук тартипти 400дөн ашык милиция кызматкери камсыздоодо

Аймак 0

Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Чүй облусунда "Кымыз Фест-2024" фестивалында коомдук тартипти 400дөн ашык милиция кызматкери камсыздоодо. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июлда Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосунда Чүй облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөн күнүнүн 100-жылдыгына карата “Кымыз Фест-2024” фестивалы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чара учурунда Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана Чүй ОИИББнын башчысы Каныбек Абдырахманов жетекчилиги астында Чүй облусунун Ички иштер органдарынын Коомдук коопсуздук кызматынын, кылмыш иликтөө, Милициянын кайгуул күзөт кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана башка кызматтардын 400дөн ашык кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий