• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ала-Букада милиция кызматкерлери окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айыл аралашып, мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

"Милиция кызматкерлери ата-энелерге эрте никеге туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өз балдарына ар дайым көзөмөл кылууга чакырышты. Райондук милициянын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана аймактык участкалык инспекторлор мектеп рекетчилигин жоюу, топтошуп мушташуу жана айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүмдөрдү автоунаа башкарганга жол бербөө максатында атайын лекцияларды өтүшүп, жаштарды тамеки тартуудан, спирт ичимдиктеринен жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөштү", - деп билдиришти облустук милициядан.

Ошондой эле чогулушта улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, өз жанына кыянаттык кылуу, диний экстремизм маселелери боюнча сөз болуп, талкуу жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий