• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргыз акындары Берлиндеги поэзия фестивалына катышты

Маданият 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. 20-21-июлда Берлин шаарында болуп өткөн 25-поэзия фестивалына кыргызстандык акындар Нуриза Өмүрбаева менен Гүлзада Станалиева катышты.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигиен билдиришкендей, фестиваль жыл сайын ар кайсы мамлекеттен келген акындардын катышуусу менен болуп турат.

Кыргызстандык акындардын ырлары Гёте институту тарабынан каржыланган долбоордун алкагында кыргыз тилинен немис тилине которулуп, китеп болуп басып чыгарылган. Бул китепке Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн акындарынын ырлары да кирген.

Кыргызстандын Германиядагы эчиси Өмүрбек Текебаев кыргызстандык акындар Нуриза Өмүрбаева, Гүлзада Станалиева жана алардын ырларын немис тилине которгон котормочулардын бири Айгүл Адисова менен болгон жолугушуусунда кыргыз поэзиясы менен германиялык окурмандарды тааныштыруунун маанилүү экендигин белгиледи жана келечекте мындай долбоорлорду улантуу зарылдыгын билдирди.

Бул долбоордун алкагында немис акындарынын чыгармалары кыргыз тилине жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тилдерине дагы которулуп, мамлекеттер аралык достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө салымын кошот.

Пикир

Оставить комментарий