Бишкек, 23.12.24. /Акназик Тургунбаева– Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрынан 16-декабрына чейин Испаниянын Мединасели шаарында CIESART жазуучуларынын V эл аралык конгресси өттү. Анда испан жана англис тилдүү акындардын арасында Сагынбүбү Беркиналиева Шекспир атындагы сыйлыктын лауреаты болду. Бул тууралуу акын өзү “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Сагынбүбү Беркиналиева өз сөзүндө мындай сыйлыкка ээ болуу анын карьерасындагы маанилүү окуя экенин жана ага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтты.
"Мындан ары мен эч нерседен коркуунун кереги жок экенин түшүндүм. Күн сайын менин жашоом кызыктуу болуп бара жатат. Анткени, көптөгөн адамдар менен баарлашуунун аркасында мен дүйнөнү ачам жана дүйнө мен жөнүндө биле алат", - деп белгиледи ал.
Испанияда өткөн эл аралык конгрессте Сагынбүбү Беркиналиева “поэзия” номинациясында Коста-Рика акыны Мария Зунига Файес которгон испан тилиндеги чыгармаларын көркөм окуду.
Жазуучу жана котормочу, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Наргиса Карасартова Беркиналиеванын аркасы менен поэзияны которо баштаганын билдирди.
"Сагынбүбү Беркиналиева Түндүк Американын орус тилдүү жазуучулар союзунун тобун жетектеп, Кыргызстандан 50гө жакын жазуучунун бул биримдикке мүчө болушуна салым кошкон", - деди ал.
Сагынбүбү Беркиналиева Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргызстан, Россия, Түндүк Американын, ошондой эле Борбор Азия Жазуучулар союзунун жана Евразия Чыгармачылык Гильдиясынын мүчөсү.
Беркиналиева 2019-жылы Брюсселде өткөн эл аралык сынакта “Поэзия” номинациясында биринчи орунду ээлеп, эң мыкты аял лирикасы үчүн “Лира” медалы менен сыйланган.
Сагынбүбү Беркиналиеванын “Асманда бийлеген кыз” поэтикалык жыйнагы Улуу Британияда акын Жон Фарндондун аркасы менен англис тилинде жарык көрдү. 2023-жылы акын “Ачык Евразия: Суперкубок” эл аралык сынагынын калыстар тобунун мүчөсү болгон.
Беркиналиеванын чыгармачылыгы терең эмоционалдуу жана кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырат. Кыргыз поэзиясынын эл аралык аренада таанылышына салым кошуп, Кыргызстандын жана анын сыртындагы адабий турмушуна активдүү катышып келет.
Пикир
Оставить комментарий