• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргыз балы Америка, Түштүк Корея жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолууда

Коом 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-ноябрда “Бишкек” эркин экономикалык аймагында “Бал Аман” ишканасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өкмөт аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев, Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов, USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлү катышты.

“Бал Аман” ишканасынын жетекчиси Кадыр Аалынын айтымында, аталган ишканадан өндүрүлгөн бал бир катар чет өлкөлөргө экспорттолот.

“Биздин компания “Бал Аманды” ачканга чейин бал боюнча 2013-жылдан бери иштеп келгенбиз. Учурда биздин бал Америкага, Түштүк Корея, Араб жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. Андан сырткары Кыргызстандагы ири соода борборлорунун текчелеринен көрсөңүздөр болот”, - деди Кадыр Аалы.

“Бал Аман” ишканасы эл аралык стандарттарга жооп бере турган лаборатория менен жабдылып, Кыргызстандын балын чет өлкөгө экспорттоо менен алектенет.



Пикир

Оставить комментарий