Кыргыз боз үйү Германиядагы көргөзмөдө туристтерди кызыктырды

Маданият 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. 8-12-мартта Кыргызстандын туроператорлору USAID аркылуу АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен дүйнөдөгү ири туризм жана саякат көргөзмөсүнө катышты. Иш-чара жыл сайын Германиянын борборунда өтөт. Бул тууралуу АКШнын КРдагы элчилиги билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, көргөзмөнүн көчмөңдөр маданият менен таанышууну каалаган 10 мңден ашык мейманы салттуу тигилген кыргыз элинин боз үйүнө, салттуу даамдардан, суусундуктардан ооз тийип, улуттук музыкасын угуу үчүн келишти.

Делегация мүчөлөрүнүн бири, “Дестинация Каракол” туризмди жайылтуу коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахат Жамалованын айтымында, быйыл 2016-жылга салыштырмалуу көрүүчүлөр көп келишкен.

“Өлкөбүзгө 2017-2018-жж. туристтик сезондо келген туристтердин чыныгы санына бул кандай таасир берет көргүбүз келет”, - деди ал.

Кыргыз боз үйү көптөгөн адамдарды кызыктырды. Мында кол коюлган келишимдер Кыргызстанга чнт элдик туристтердин санынын көбөйүшүнө, туризм индустриясын чыңдоого жана Кыргызстандын жарандары үчүн кирешелердин жан иш орундарынын өсүшүнө шарт түзөт.

Өткөн жылы Мадрид, Стамбул, Лондондогу эл аралык туристтик көргөзмөлөргө жана башка чет жактагы, өлкө ичиндеги иш-чараларга Кыргызстандын делегациясынын катышуусун USAID каржылаган. Бул иш-чараларга катышуу туризмди киреше булагы катары өнүктүрүү жана өлкөдө жумуш орундарын түзүү максатында Кыргызстан менен өнөктөштүктүн бир бөлүгү болуп саналат.

USAID “USAID ишкерликти өнүктүрүү демилгеси” долбоорунун алкагында өлкөнүн өзгөчө туристтик багыттарын эл аралык рынокто жайылтып, КРда туризмдин өнүгүшүнө көмөктөшүп келет. Долбоор айрым туристтик компанияларга жардам көрсөтүп, туристтер үчүн инфратүзүмдү өнүктүрөт.

Пикир

Оставить комментарий