• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Россия күнү белгиленүүдө. Сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россия күнүнө карата майрамдык онлайн концерт өттү.

Концерт Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Россиянын КМШ өлкөлөрү, чет жерде жашаган мекендештер, эл аралык гуманитардык кызматташтык иштери боюнча федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулуп, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу концерт көрүүчүлөрсүз өтүп, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана анын интернеттеги баракчалары аркылуу көрсөтүлдү.

Концертте кыргызстандык жана россиялык ырчылар, чыгармачылк топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концертке “Семетей”, “Шаттык” ансамбли, “Сувенир” орус ырлар ансамбли, “Акак” комузчулар ансамбли, Кыргызтандын эл артисттери Султан Каримов жана Замира Мавлянова, эмгек сиңирген артисттери Жылдыз Осмоналиева, Юлия Руцкая, Бакыт Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, Шайгүл Алсеитова, Каныкей Раималиева, Кайрат Примбердиев, эл аралык сынактардын лауреаттары Ирина Рыбина, Миран Жанарбаев, Адис Ардинатов, Мария Наумова, Оксана Шутова, Данияр Дөөлөтбаков, Орозбек Бакытов, Нуржигит Асанов, Акмаанай Эшбаева катышты.

Россиялык артисттердин катарында Россиянын эл артисти Надежда Крыгина, эмгек сиңирген артисттери Валерий Семин жана Нина Шацкая, Татарстандын эмгек сиңирген артисти Альберт Жалилов, эл аралык сынактардын лауреаты Евгений Южин, Л. Зыкина атындагы “Россия” мамлекеттик академиялык орус элдик ансамбли жана Алтай аймагынын мамлекеттик филармониясынын Г. Полевой атындагы “Огоньки” мамлекеттик бий ансамблинин аспаптык тобу (Барнаул шаары) катышты.

Пикир

Оставить комментарий