• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкектеги кызыл таш арт-обьектиси жууп-тазаланды

Коом 0


Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанындагы кызыл таш арт-обьектиси жууп-тазаланды.

Мэриядан билдиришкендей, тазалоо иштерин “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аткарышты.

Арт-объектини тазалоодо жарандар кызыл таштын эч жерин калтырбай ар кандай жазууларды калтырып кетишкендиги, ал тургай брусчаткаларга чейин жазууларды жазып, сүрөт тартып коюшкандыгы аныкталды.

“Урматтуу, шаар тургундары өзүбүз жашаган шаарды таза кармайлы, борбор калаадагы мындай жайлар келген коноктор үчүн биздин жүзүбүз катары кабыл алынат”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий