• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мушкер Дастан Шаршеев окуучулар менен жолугуп, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча баарлашты

Коом 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Кикбокс жана ММА боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев жана Грэпплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекировдун катышуусунда мектеп окуучуларына өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Аталган иш-чара Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучуларына өткөрүлгөн.

"ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери менен Дастан Шаршеев укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маалыматтарды беришип, дени сак жашоо, спорт жөнүндө окуучулар менен маектешти", - деп айтылат маалыматта.

Маектешүүдөн кийин окуучулар Дастан Шаршеев менен бирге эстеликке сүрөткө түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий