Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Өлкөдө кыргыз эт-май багытындагы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Кой чарба тармагындагы селекциялык жетишкендигине укуктук статус берүү максатында министрликтин адистери Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институттунун окумуштуулары менен биргеликте жаңы кыргыз эт-май "Ала-Тоо" породасындагы койлорун сыноодон өткөрүү боюнча комиссия республиканын түштүк облустарында жүрөт.
Комиссиянын курамы ар бир фермердик чарбадагы койлорду сыноодон өткөрүп, жаңы кыргыз эт-май багытындагы "Ала-Тоо" породасындагы койлорунун башка породалардан өзгөчөлүктөрүнө баа берилип, министрликке караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институттунун окумуштуулар кеңешинин кароосуна киргизилет.
Маалымат үчүн: "Ала тоо" породасы жергиликтүү кыргыз койлоруна Гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий