• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

"Кыргыз индустрия" мекемеси эки жылда 20дан ашык өндүрүштүк ишкана ачты

Экономика 0

Бишкек, 19.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. "Кыргыз индустрия" мекемеси эки жыл аралыгында 20дан ашык өндүрүштүк ишкана ачып, иш алып барууда. Бул тууралуу "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Борончиевдин айтымында, анын ичинен 7 ишкана жигердүү иштеп, 71 млн сом пайда алып келген.

"Кыргыз индустрия" мекемесин өнүктүрүү максатында биз өкмөттөн 2 млрд сомдон көбүрөөк каражат алганбыз. Анын ичинен 2022-жылы 1 млрд сом, 2023-жылы 700 млн сом, ал эми 2024-жылы 293 млн сом алганбыз. Ал каражаттын 85 пайызын долбоорлорго сарптадык. Бул аябай жакшы көрсөткүч. Бүгүнкү күндө бул каражатка 20дан ашуун ишкана ачтык. Анын ичинен 6-7 ишкана жигердүү иш алып барып, кирешеге чыкты. Эгерде үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгын алсак, 7 ишкана 71 млн сом таза киреше алып келди”, - деди ал.

Белгилей кетсек, "Кыргыз индустрия" ААК жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандырууга багытталган бир катар конкреттүү долбоорлорду аткаруу максатында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий