Кыргыз-италия парламенттер аралык кызматташтыгын активдештирүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Сенатынын Эл аралык иштер жана коргоо боюнча комитетинин төрагасы Стефания Кракси менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-италия эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен, Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин тийиштүү комитеттеринин ортосундагы жолугушууларды жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу кызматташууну активдештирүү зарылчылыгы, эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий