Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күн мурун саат 23:25те жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Күнгөй Ала-Тоо кырка тоолорунда, Бостери айылынан түндүк-батышка карай 32 чакырым, Чолпон-Ата шаарынан түндүккө карай 33 чакырым жана Казакстандын Алмата шаарынан түштүк-чыгышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий