• 85.8
  • 92.69
  • 0.89

Ошто өрт кырсыгынан 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган, саат 09:38ге карата өрт чектөөгө алынып, 10:02де толук өчүрүлгөн. Натыйжада 16 чарчы метр кара смола күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 3 эркек киши денелеринен күйүк алып, облустук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди, абалдары канааттандырарлык

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий