• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Кыргыз киносунун ардагери, Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Муса Абдиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 9-январда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектин 7-кичирайонундагы 49/2 үйүндө өтөт. Башталышы саат 10:00.

Муса Абдиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев 2024-жылдын 7-январында 89 жаш курагында дүйнө салды.

Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда төрөлгөн. 1959-жылдан баштап «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген. Ал кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.

Муса Абдиевдин фильмографиясы:

● Төлөмүш Океевдин үч тасмасы: «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Чыңгыз Хан»;

● Геннадий Базаров тарткан үч тасма: «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Көчө» (к. ар түрдүү муундардагы айыл калкы);

● «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» режиссёру Болот Шамшиев;

● «Түшүндүрмө издебе» режиссёру Жали Соданбек;

● «Провинциалдык романс» - режиссёру Мелис Убукеев;

● «Сундук предков» - режиссёру Нурбек Эген ж.б.

Пикир

Оставить комментарий