• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекти аралап өтчү транзиттик жолдор жабылат - Боронов

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу шаарды аралап өтүүчү транзиттик жолдордун бардыгы жабылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекти аралап өтүүчү жолдордун бардыгы тосулат. “Мисалга Кара-Балтадан Токмок жакка же болбосо Токмоктон Кара-Балтага, ошондой эле башка айылдарга кетчү жолдордун бардыгы жабылат. Өзүңүздөр билгендей, Бишкектин сыртында шаарды айланып өтчү жол бар. Алар ошол жол аркылуу Бишкекти айланып өтүшөт. Аларга эч кандай тоскоолдук болбойт”,- деп кошумчалады ал.

Боронов белгилгендей, Кыргызстандын аймагында дары-дармек, азык-түлүк ташыган автоунааларга бардык посттордо тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. “Эгерде посттордо кандайдыр бир себептерден улам тыгындар пайда болгон болсо, анда атайын кызматтын кызматкерлери ал автотранспорттук каражаттарды тыгындан тез арада өткөрүп жиберүүгө бардык чараларды көрүшөт”, - деди Боронов.

“Эгерде ишкерлер өлкөгө же болбосо республиканын башка аймактарына азык-түлүк, дары-дармектерди ташып келе жаткан болсо биз дайыма аларга колдоо көрсөтөбүз, башкача айтканда аларга “даңгыр жол”, - деп баса белгиледи биринчи вице-премьер.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Cузак району - 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий