• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөчө абал учурунда дыйкандар талаа иштерине чыга алабы? – Бороновдун жообу

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал учурунда дыйкандар талаа иштеирне чыга алабы деген суроого жооп узатылды.

Ал айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилгени менен өлкө аймагында жазгы талаа жумуштары кызып жатканын айтып өтүп, дыйкандардын иштөөсүнө шарттар түзүлөрүн белгиледи.

"Өзгөчө абал киргизилген аймактарда дыйкандарын талааларда айдоо иштерин аткаруусу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт", – дейт Боронов.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, 0адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий