• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкекте кыргыз киносунун жана СССРдин эл артисти Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз киносунун 80 жылдыгы жана СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият министри Азамат Жаманкулов, ата мекендик кино ишмерлер жана кеңири коомчулуктун катышуусунда өттү.

Майрамдык салтанатка келген меймандар үчүн Болотбек Шамшиевдин жаркын элесине жана кыргыз кино ишмерлерине арналган сүрөт көргөзмө иш- чаранын көркүн ачты.

Андан соң, иш-чаранын расмий бөлүгүн министри Азамат Жаманкулов ачып, жалпы кино ишмерлерин кесиптик майрамы жана Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз кереметинин жаратып, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгаан кино ишмерлери жана алардын жараткан эмгектери тууралуу сөз сүйлөдү.

Министр бүгүнкү күндө, кинематография жана жалпы киноиндустрия Кыргызстанда динамикалык өнүгүү жолунда келе жатканын айтып, улуттук тасмалар дүйнөлүк абройлуу фестивалдарда байгелүү кайтып жатканына токтолуп, кино өнөрү улуттук маданияттын эң маанилүү багыты катары мындан ары да өнүгө беришине ишенебиз жана кыргыз киночуларынан мыкты чыгармалардын жаралышын күтөбүз деп белгиледи.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР президентинин кино ишмерлерине жана залкар кинорежиссёр Болотбек Шамшивдин 80 жылдыгына карата куттуктоосун окуп, бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун ордун, анын коомчулуктагы маанилүүлүгүн белгилеген кайрылуусун жолдоду.

Иш-чаранын жүрүшү даректүү тасмалардын топтомунан турган бөлүктөр менен коштолуп, концерттик программа менен уланды.

Эске салсак, кыргыз киносунун күнү 1994-жылы өкмөттүн токтому менен кабыл алынган. 1941-жылы 17-ноябрь күнү Кыргыз ССРинин эл комиссарлар кеңеши тарабынан “Фрунзеде кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарылган.

Кыргыз киносунун тарыхы 1942-жылы түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү "Кыргызфильм" киностудиясы менен тыгыз байланышкан. 1955-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру В.Пронин «Салтанат» көркөм фильмин тарткан. 1964-жылы «Кыргызфильм» киностудиясынын өз режиссеру М. Убукеев кыргыз киносундагы алгачкы кинотасма болуп эсептелген "Тайгак кечүү" толук метраждуу көркөм фильмин тарткан.

Пикир

Оставить комментарий