• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргыз-кувейт кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев Кувейттин “Action Group Holding” компаниясынын төрагасы, башкаруучу үй-бүлөнүн мүчөсү Шейх Мубарак Абдулла Мубарак Аль Сабах менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгынын маселелерин жана эки тараптын тең кызыкчылыгын туудурган ар түрдүү тармактарга инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Айрыкча, энергетика, туризм, турак жай жана азык түлүк жаатындагы ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жана байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Элчи Токобаев өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышуу үчүн “Action Group Holding” компаниясынын төрагасы Шейх Мубарак Абдулла Мубарак Аль Сабахды иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жыйынтыгында Шейх Мубарак Абдулла Аль Сабах элчи Токобаевди Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, жемиштүү иш алып баруусуна тилектештигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий