• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Палестинанын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 27.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 27-28-августунда Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт.

Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.

Пикир

Оставить комментарий