• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда өткөн эл аралык айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды

Маданият 0

Бишкек, 27.08.23. /Кабар/. Батыш Казакстан облусунун Таскала районунун 90 жылдыгына арналган "Тамыры терең Таскала" аттуу Эл аралык айтышта Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, таланттуу жаш акын Арген Биймырза уулу КР эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал Кыргыз улуттук "Манас" театрында эмгектенет.

Маалымат үчүн: КР эгемендүүлүк күнүнө карата 30-31-август күндөрү Ош шаарында Эл аралык айтыш өтөт. Ага 4 мамлекеттин төкмөлөрү катышат. Байге фонду 3 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий