• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Каха Имнадзени кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27.08.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө сапар менен келген БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү – БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун башчысы Каха Имнадзени кабыл алды.

Кыргызстан менен Борбордун кызматташтыгынын кеңири аспектилери, атап айтканда терроризмге жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле Афганстандагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Каха Имнадзени жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал Борбор Азия мамлекеттери менен БУУ ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы аймактык кызматташтык маселелерине токтолуп, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларын үзгүлтүксүз негизде өтүп жатышын канааттануу менен белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров 2022-жылдын июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусуна жана анда XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү боюнча достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын баса белгиледи. Документ Борбордук Азия элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоого багытталган.

Президент үстүбүздөгү жылдын сентябрында Душанбе шаарында боло турган мамлекет башчыларынын бешинчи Консультативдик жолугушуусу сырттан келген чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип жооп берүүгө жана аймактык өз ара аракеттенүүнүн кеңири маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берет деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Каха Имнадзе Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аны жана Кыргызстан элин келе жаткан майрамы – өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Ал Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты чыңдоого жана диалогду илгерилетүүгө кошкон маанилүү салымын канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелеринин ийгиликтүү чечилишин баса белгиледи.

Каха Имнадзе Борбордун бардык программалары өнүгүп, улана берерине ишендирди. Ал өз кезегинде аймактын кызыкчылыгын коргоп, Борбор Азия мамлекеттеринин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошууга даяр.

Тараптар Кыргызстан менен Борбордун ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты, анын ичинде аймактык коопсуздук маселелери боюнча ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий