• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«КРдагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар (мындан ары — ЭЭЗ) жөнүндө мыйзамды жакшыртуу жана анын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасындагы ЭЭЗ салык режими боюнча салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр менен шайкеш келтирүү.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий