• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Нью-Йоркто “Айтматов жана анын ааламы” көргөзмөсү өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Нью-Йоркто улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Айтматов жана анын ааламы” аталышындагы көргөзмөнүн өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият министрилигин Маданиятты, искусствону жана профессионалдык билимди өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дамира Алышбаева билдирди.

Анын айтымында, ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялаганына байланыштуу аталган уюмдун бардык мүчө-мамлекеттеринде Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар өткөрүлүүдө.

“Баку жана Астанада Айтматов атындагы көчөлөр пайда болду. Стамбулда Айтматовдун эстелиги орнотулду. Быйыл бир нече өлкөлөрдө “Айтматов жана анын ааламы” аталышындагы көргөзмө өтүүдө. Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Улуттар Уюмунун кезектеги отурумуна иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто дагы ушундай көргөзмө өтөрү күтүлүүдө”, - деди ал.

Алышбаева белгилегендей, Кыргызстандын ичинде дагы иш-чаралар өткөрүлүүдө.

“Алгач “Айтматов жана театр” фестивалы өтөт. Аймактарды өнүктүрүү демилгесин колдоо максатында аталган республикалык фестиваль уюштурулду. Айтматов жөнүндө иш-чараны Москвада өткөрүү күтүлүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий