• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы старт алды. Видео

Маданият 0


Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бишкекте салттуу музыка жумалыгы старт алды. Маданий иш-чаранын расмий бөлүгү борбордогу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өттү.

Жумалык 20-25-апрель күндөрү өтүп, ар кандай маданий иш-чаралар менен коштолот.

Жумалыктын биринчи күнү Манас темасына арналган, анын алкагында Евразия Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасынын ачылышы болду. Ал эми саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу ырлар жайнагынын бет ачары болот. Иш-чара Улуттук тарых музейинде өтөт.

Ошондой эле, кечки саат 19:00дө “Ынтымак” сейил багында “Манас” трилогиясы аталышындагы жаңыча форматта “Манас” эпосун баяндаган концерт тартууланат.

Белгилей кетсек, 19-ирет өтүп жаткан музыка жумалыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана "Манас" театры менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий