• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Эртең, 17-сентябрда кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-унаа жолу" жана "Эркечтам - унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, чек ара посттору Кытайда "Күз ортосу майрамын" майрамдоого байланыштуу кытай тараптын деилгеси менен жабылууда.

Белгиленгендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынан адамдарды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат.

Пикир

Оставить комментарий